Коом

Бишкек шаардык ЖЭБги авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү

2024-жылдын 2-февралында, таңкы саат 03:00 чамасында Бишкек ш. ЖЭБдеги катталган авариялык абалдан улам иштен чыккан жабдууларды жана авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алынып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү.

Учурда ЖЭБдин кызматкерлери аравиялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча аракеттерди жүргүзүүдө.

Түнкү кезекте турган 3 кызматкер жаракат алышып, ооруканада. Керектөөчүлөргө электр энергиясы үзгүлтүксүз берилет.

Бирок, шаардын жылуулук режимин сактоо максатында, ысык суу берүүдө чектөө киргизилип, мектеп жана бала-бакчалар онлайн окууга өткөрүлдү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button