Коом
ТЭЦти калыбына келтирүүгө 5-7 күн кетери айтылды

Бишкектеги ТЭЦти калыбына келтирүүгө 5-7 күн кетиши мүмкүн. Бул туурасында ӨКМ башчысы Бообек Ажыкеев билдирди.
«Бишкектин ооруканаларын жылуулук менен камсыздоо үзгүлтүккө учураган жок. Электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурабайт», — деген министрдин орун басары.
«Бишкек жылуулук түйүнү» ишканасынын жетекчисинин орун басары Шаршенбек Сарыкеев борбор калаанын түштүк аймагы толугу менен жылуулуксуз калганын билдирди. Анын айтымында, учурда № 3-8, 11, 12, Улан жана Көк-Жар кичи райондорунда жылуулук жок.
Авария ТЭЦтин 14-отканасында болушу мүмкүн деп болжолдонуп, учурда комиссия иштеп жатканы айтылды.



