Коом

Министр: Бишкектеги батирлердин баарына жылуулук берилди

Энергетика министри Таалайбек Ибраев ТЭЦтеги абал боюнча маалымат берип, Бишкектеги батирлердин баарына жылуулук берилгенин кабарлады.

Анын айтымында, батареяларга жылуулук 53-65 градуска чейин берилип жатат.

«Азыркы мезгилде ысык суу берүүнү 70 пайызга жеткирдик. Кечке чейин 100 пайызга чыгарууга аракет кылып, эртеңкиге чейин ысык суу шаардыктарга толугу менен жетип калат», — деген министр.

Ибраев учурда 9 от казан иштеп жатканын кошумчалаган. Анткен менен айрым шаар тургундары үйлөрү муздак болуп жатканын айтышууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button