Коом

Бишкекте аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына майрамдык маанай тартууланды

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылында «Баары лыжа тебүүгө – 2024» спорттук иш-чарасы болуп өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарада борбор калаанын төрт районунун реабилитациялык борборлорунун, интернаттарынын жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнүн 400дөн ашык балдарына унутулгус эмоциялар жана майрамдык маанай тартууланды.

Иш-чара концерттик программа менен башталып, спорттук эстафеталар жана ар кандай оюн-зоок конкурстары уюштурулуп, жыйынтыгында ар бир балага белек тапшырылды.

Мындан тышкары, кышкы майрамдын катышуучулары үчүн ысык тамак уюштурулган.

Иш-чаранын максаты – кышкы спорттун түрлөрүн жайылтуу, ошондой эле балдарды жана өспүрүмдөрдү активдүү эс алууга, дене тарбия жана спорт менен машыгууга тартуу болуп саналат.

Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти уюштуруп, ага мэрдин орун басары Виктория Мозгачева катышты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button