Кан-Ачуу мамлекеттик жаратылыш паркы — СҮРӨТТӨР

«Кан-Ачуу» мамлекеттик жаратылыш паркы Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда жайгашкан.

Бул кереметтүү жер уникалдуу тоо пейзаждарына бай, эң негизгиси – жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн ар түрдүүлүгү.


Бул жерде ак илбирс, аюу, тоо текелер, суурлар жашайт, өсүмдүктөрдүн 100дөн ашык түрү, алардын 30у Кызыл китептүү. Канаттууларга кекилик, бөдөнө, кыргоол, шумкар, бүркүт, көгүчкөн жана башкалар кирет. Жапайы тоо эчкилеринин көп санын белгилөөгө болот.


Эң кооз токойлор жана сырдуу үңкүрлөр бар. Дал ошондуктан 2016-жылы уникалдуу жаратылыш комплекстерин жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн сейрек кездешүүчү жана жок болуу коркунучунда турган түрлөрүн коргоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен «Кан-Ачуу»мамлекеттик ишканасы түзүлгөн.



