Коом

Дүйнөдөгү эң ири авиокомпания «Манас» аэропорту менен иштешүүгө кызыкдарлыгын билдирди

Qatar Airways авиакомпаниясы «Манас» эл аралык аэропорту менен иштешүүгө кызыкдар болуп жатканын аба майдандын мааламыт кызматы билдирди.

Авиакомпаниянын өкүлдөрү менен аэропорттун аткаруучу директору Мирлан Кубаталиев сүйлөшкөн. Жолугушууда кызматташуу жана жаңы эл аралык каттамдарды ачуу талкууланганы айтылды.

«Дүйнөдөгү эң ири авиакомпаниялардын бири болгон Qatar Airways «Манас» аэропорту менен иштешүүгө кызыкдарлыгын билдирип жатканына кубанычтабыз. Бул компания бүгүнкү күндө кеңейип, ыкчам өнүгүп жаткан жаш флоттордун бири. Бардык багытта, жүк ташуу жаатында да кызматташууга даярбыз», — деди Кубаталиев.

Катарлык өнөктөштөргө Кыргызстандын аймактагы аэропорттору көрсөтүлүп, алардын өнүгүү жолдору айтылды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button