Коом

Таласта компьютер жана 5 килограмм эт уурдаган шектүү кармалды

Талас ОИИБдин кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлери кылмыштын изин суутпай ачышты. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.

Талас районунун Кум-Арык айылынын тургуну 1988- жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Анда 4-июндан 5-июнга караган түнү белгисиз адам үйдүн терезесин сындырып кирип, бөлмөдөгү 1 компьютер жана 5 килограмм этин уурдап кеткен.

Аталган факты боюнча Талас РИИБдин маалымат электрондук эсепке алуу журналында катталып, Кылмыш жаза кодексинин 205-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. Аталган кылмыш иши боюнча Талас ОИИБдин кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлеринин ыкчам иш алып баруунун натыйжасында Бакай-Ата районунун Үч-Эмчек айлынын тургуну 1996-жылы туулган жаран шектүү катары кармалган. Талас ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button