Коом

Улуттук тазалык күнүнө карата сынак жарыяланды

Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги өлкөнүн аймактарында сынак жарыялайт:

«Эң таза шаар» — «Эң таза айыл аймак»

Максаты: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын шыктандыруу, таштандылар менен иштөөнүн натыйжалуу  инфраструктурасын өнүктүрүү.

*Жеңүүчүлөр баалуу сыйлыктар менен сыйланышат.

*Таштанды ташуучу автоунаа.

*Таштандыларды сорттоо линиясы.

Эгер Сиздин аймагыңыз лидер болсун десениз– биригиңиздер катышыңыздар!

Конкурстун тандоо критерийлери КР ЖРЭТКМ расмий сайтында жайгаштырылган https://mnr.gov.kg/ru/

Таза Кыргызстан  кыймылына кошулуңуз! – деп айтылат аталган министрликтин Басма сөз кызматы билдирген маалыматта.

Эскерте кетсек, Кыргызсанда улуттук тазалык күнү жыл сайын 20-апрелде жана 20-сентябрда белгиленет.

Тектеш кабарлар

Back to top button