Коом

Кыргызстанда электр энергиясынын лимитин 5 кВттан 7 кВтка чейин жогорулатуу сунушталды

Кыргызстанда алдыдагы күз-кыш мезгилинде электр энергиясын бир фазалуу туташтыруу менен пайдаланган абоненттер үчүн 5 кВт чектөө сакталат. Ошол эле учурда энергетиктер уруксат берилген кубаттуулукту 7 кВтка чейин жогорулатууну сунушташты. Бул тууралуу Бишкек электр тармактар ишканасынын электр энергиясын сатуу бөлүмүнүн башчысы Айгүл Буланова «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, учурдагы 5 кВт чектөөсү электр энергиясын пайдалануу эрежелеринде жана керектөөчүлөр менен түзүлгөн типтүү келишимдерде каралган.

«Бул энергетиктердин кимдир бирөөнү чектөө каалоосу эмес. Мындай талап ченемдик документтерде белгиленген», — деди Буланова.

Анын белгилешинче, энергетиктер да уруксат берилген кубаттуулукту жогорулатууну колдоп, тиешелүү сунуш киргизишкен.

«Биз кубаттуулукту 7 кВтка чейин жогорулатууну сунуштадык. Бирок өзгөртүүлөр кабыл алынганга чейин 5 кВт чектөөсү сакталат», — деп түшүндүрдү ал.

Ал эми үч фазалуу туташтырууга ээ абоненттер үчүн 10 кВт кубаттуулук каралган. Белгиленген чектөө жетишсиз болгон керектөөчүлөргө электр коопсуздугунун талаптарын сактоо менен үч фазалуу туташтырууга өтүү сунушталат.

Ошондой эле Айгүл Буланова электр энергиясы эң көп керектелген сааттарда кубаттуулукту азайтуу мүмкүнчүлүгү тууралуу да айтып берди.

Анын маалыматына караганда, өткөн жылы жогорку жүктөм учурунда убактылуу чектөө киргизилип, уруксат берилген кубаттуулук 3 кВтка чейин төмөндөтүлгөн. Бирок быйылкы кышта ушундай чаралар колдонулары азырынча белгисиз.

«Азырынча чечим жок. Ошондуктан так жооп бере албайм», — деди ал.

Кыргызстандын улуттук электр тармагы ишканасынын маалыматына ылайык, өлкөнүн энергетикалык системасына түшкөн жүктөм өсүүдө. 27-октябрда Кыргызстанда электр энергиясын суткалык керектөө 64 млн 318 миң кВт·саатка жеткен. Бул өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөн 34,4%га көп.

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда кышка карата даярдык иштеринин алкагындагы оңдоо иштери аяктады. Энергетиктер калкка, өзгөчө электр энергиясына суроо-талап жогору болгон сааттарда, кубаттуу электр шаймандарын бир убакта көп санда күйгүзбөөнү эскертишүүдө.

Мындан тышкары, Чүй облусунда электр энергиясын эсептөөчү акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштери аяктап жатат. Бул иштер энергетикалык компаниянын эсебинен акысыз жүргүзүлүүдө.

Электр энергиясынын өчүрүлүшү тууралуу маалыматты «Мой свет» тиркемеси аркылуу алууга болот.

Тектеш кабарлар

Back to top button