Коом

Таласта ишкерлер үчүн өзгөчө форум өттү

Бүгүн, 25-апрелде Талас шаарында “ТALAS CONNECT » бизнес форуму уюштурулду. Иш-чара КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Талас бизнес ассоциациясы тарабынан өткөрүлүп, башкы демөөрчү катары “Альянс Алтын” компаниясы колдоо көрсөттү.

Форумга 500гө жакын ишкер, бизнес-тренерлер, министрликтердин өкүлдөрү жана банк адистери катышып, ишкердикти өнүктүрүү маселелери талкууланды. Облус башчысы Эрмат Джумаев аймактагы туристтик жана өндүрүштүк долбоорлор тууралуу маалымат берип, жергиликтүү бийлик ишкерлерге ар дайым колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Бизнес-насаатчы Анатолий Хуан баштаган мыкты тренерлер ишкерлерге мотивация берип, практикалык кеңештери менен бөлүштү. Мындан тышкары министрликтердин, банктардын жана башка мекемелердин өкүлдөрү ишкерлердин салыктан баштап насыялоого чейинки кызыктырган суроолоруна жооп беришти.  Иш-чаранын алкагында көргөзмөлөр,  жолугушуулар уюштурулуп, жаңы өнөктөштүктөрдү түзүүгө кенен мүмкүнчүлүк жаралды.

Тектеш кабарлар

Back to top button