Коом

Күйөөсүн коркуткусу келген. «Тик-Токто» түз эфирде баласына пиво ичиргиси келген келин кармалды

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери кызматкерлери тарабынан «Тик-Ток» социалдык түйүнү аркылуу өз баласынын өмүрүнө коркунуч жаратып сүйлөгөн келин такталып, аймактык милиция кызматкерлери менен биргеликте, таап Ош шаардык ИИБнө өткөрүлүп берилди.

Ал Баткен облусунун 1995-жылы туулган тургуну Ж.Г. Ош шаарына 17-февраль күнү тааныштарынын үйүнө келгенин жана өзүнүн түз эфир аркылуу кызына карата жасаган бул кылган мамилесин «хайп кармоо жана күйөөсүн коркутуу үчүн жасаган элем» деп түшүндүрдү.

Милиция кызматкерлери мынчалык тез реакция жасап, кармалып каларын күтпөгөндүгүн билдирип, элден кечирим сурады.

Кармалган келиндин кыймыл-аракетине юридикалык баа берүү үчүн тергөө кызматына өткөрүп берилди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button