Коом

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары камактан чыкты

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Замирбек Карашев камактан чыгарылды. Маалыматты  Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынан тастыкташты.

Ага ылайык, 12-январда УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылган.

«Буга чейин Замирбек Карашевге карата тандалган камакка алуу бөгөт чарасы башка жакка чыкпоо жөнүндө тил катына өзгөртүлдү», — деп билдиришти соттон.

Эске салсак, экс-чиновник 2023-жылдын октябрь айында эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу беренеси боюнча шектелип кармалган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button