Коом
УКМК: Ысык-Көл облусунда майнинг-фермасын электр тармактарына мыйзамсыз кошуу фактысы аныкталды

Энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча көрүлгөн чаралардын жүрүшүндө, КР УКМК тарабынан Каракол райондук электр тармактар ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте майнинг-ферманы облустун электр тармактарына мыйзамсыз кошуу фактысы аныкталды.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө, Каракол шаарындагы үйлөрдүн биринде электр тармактарына мыйзамсыз кошулган, электр энергиясын уурдоо менен майнинг-фермасын түзүү жолу аркылуу криптовалютаны чыгаруу боюнча мыйзамсыз иш-аракеттер уюштурулгандыгы аныкталды.

Тинтүү учурунда, үйдүн кампасынан криптовалютаны иштетүү үчүн 12 даана жабдуулар табылып алынды.

Учурда келтирилген зыянды эсептөө иштери жүрүп жатат.



