Коом

Билип алыңыз! Үй-бүлө курам дегендерге бир катар шарттар коюлду — ТИЗМЕ

Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлиги Үй-бүлө кодексинин жаңы редакциясын сунуштады. Анда үй-бүлө курам дегендерге каттоо шарттары өзгөртүлүп берилген.

Жаңы редакцияга ылайык, үйлөнө тургандарга коюлган шарттар:

расмий катталбай туруп диний жол менен (нике кыйып алып) жашоого тыюу салынат. Бул ченемди бузгандар жоопкерчиликке тартылат;

атасы же апасы жактан жети муун өтө элек туугандар (учурда 3 муун) баш кошо албайт;

жубайлар бири-бирине ден соолугу кандай экени жөнүндө билдирүүгө милдеттүү. Ага ВИЧ/СПИД сыяктуу жыныстык жол менен өткөн инфекциялар боюнча текшерүүнүн жыйынтыгы, жуптардын медициналык жактан дал келүүсү камтылат;

никеге турчу адамдардын медициналык текшерүүдөн өтүү тартибин Саламаттык сактоо министрлиги белгилейт;

бир жыныстагы адамдардын баш кошуусуна тыюу салынат;

камкорчулукка алган адам аны (камкордукка алган бала же кыз) менен кийин никеге турууга болбойт;

соттолуп, экөө тең абакта жазасын өтөп жаткан мезгилде никеге турууга жол берилбейт;

жаштар саясатын тескеген орган түгөйлөрдү үй-бүлөлүк турмушка даярдайт. Анын жол-жобосун өкмөт аныктайт.

Баш кошкондон кийин кош фамилия алууга уруксат берилет. Мисалы, өзүнүкүнө күйөөсүнүн фамилиясын кошуп алса болот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button