Коом

Айдоочуларга эскертүү! Унаа жолдордо кар көчкүлөр атайылап түшүрүлөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эртең, 7-мартта айрым унаа жолдорунда кар көчкүлөр атайылап түшүрүлө турганын кабарлайт.

Ведомствонун маалыматына караганда, кырсыктардын алдын алуу, адам өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында төмөнкү жолдордо кар көчкүлөр мажбурлап түшүрүлөт:

— Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 293-306-чакырымында;
— Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымында.

Белгиленгендей, кар көчкүлөрдү атайылап түшүрүү Коргоо министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте атайы артиллериялык эсепти колдонуу менен жүргүзүлөт.

«Урматтуу айдоочулар! Буга байланыштуу аталган унаа жолдордо маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат. Унаалардын ортосунда 500 м аралыкты сактаңыздар. Ошондой эле жарандарды түшүнүү менен кабыл алып, зарылчылык болбосо сапарга чыгуудан баш тартууну сунуштайбыз», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button