Коом

Ысык-Көлдө 8-март майрамы менен милиция айымдарды куттукташты

Аялдардын эл аралык күнүн утурлай «Ысык-Көл» кинотеатрында Ысык-Көл облустук милиция айымдарын салтанаттуу маанайда куттукташты. Жаздын алгачкы майрамын белгилөөгө ардактуу мейман катары облустук милициянын бардык кызматтардын жана бөлүмдөрдүн айым кызматкерлери, ардагерлери чакырылган.

8-марттын урматына Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Орунбай Кочкоров куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Ал өз сөзүндө милиция кызматындагы кыйынчылыктарды жана түйшүктөрдү эркектер менен бирдей көтөргөн формачан аялдардын туруктуулугун жана күчтүүлүгүн белгиледи. «Аба ырайынын жана күндүн убактысына, же майрам жана дем алыш күндөрүнө карабастан, милициянын айым кызматкерлери татыктуу иштеп, кызматты үй жумуштары менен айкалыштырууда. Өзүмдүн атымдан жана жалпы облустук милициянын мырзаларынын атынан айымдарга чың ден соолук, түгөнгүс күч-кубат жана кесиптик ишмердигине ийгиликтерди каалайм», — деп белгиледи облустук милициянын башчысы.

Салтанаттуу иш-чарада бир катар милициянын айым кызматкерлерди кызматтык милдеттерин кынтыксыз аткаргандыгы, кесипкөйлүгү жана чеберчилиги үчүн сыйлоо максатында республиканын ички иштер министринин куттуктоосу жана буйругу окулду. Мындан тышкары, Ысык-Көл облустук милициясынын 50дөн ашык айым кызматкерлери башкармалыктын башчысынын буйругу менен  сыйланды.

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчилигинин өзгөчө көңүлү майрамга чакырылган, облустун ички иштер органдарында көп жылдар бою эмгектенип, ардактуу эс алууга чыгышкан ардагер аялдарга, милиция кызматкерлеринин энелерине жана өмүрлүк жолдошторуна өзгөчө көңүл бурулду.

Милиция айымдарын куттуктоо иш чарасы салтанаттуу музыкалык концерттик программасы жана «Бейиш-эненин таманында» көркөм тасмасын көрсөтүү менен уланды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button