Коом

Ички иштер министри айымдарды майрамы менен куттуктады

2024-жылдын 7-мартында ИИМдин коллегия залында 8-март- Айымдар эл аралык күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков милиция айымдарын куттуктап, кызматтык ишинде жогорку ийгиликтерге жетишкен милиция кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды.
Ички иштер министри өз сөзүндө бардык өздүк курамдын жана жеке өзүнүн атынан аял кызматкерлерди ушул жаз, жаркын жана кооз майрамы менен куттуктады.


ИИМдин башчысы белгилегендей, жан дүйнөнү жаркыраткан жаз мезгили кайрадан адамзатка кубаныч тартуулап, кучагына гүл толгон майрам менен кирип келди.
“Жаз майрамы адамзатка жаңыланууну, аруулукту, жаңы демди, эргүүнү дегеле, жаңы башаттарды ачкан керемет мезгил эмеспи. Бүгүнкү күндө аялзаты өлкөбүздүн бардык тармактарында ийгиликтүү иштеп, коомдук тартипти сактоого, Мекенди коргоого, улуттук экономиканы өнүктүрүүгө, мамлекеттик олуттуу маселелерди чечүүгө жигердүү катышып келе жатат. Ички иштер министрлигинде иштеген аялдар биздин коомдо өзгөчө орунду ээлейт. Алар — боорукер эне, сүйүктүү жар, мээримдүү эже-карындашыбыз, кызматын сүйгөн жоопкерчиликтүү кызматкер жана мыкты жетекчи болуп эмгектенишет.Ошол себептүү айымдардын жүрөгүнөн чыккан жылуулук жана камкордук тирүүлүктө мырзалардын күчүнө күч, демине дем кошуп, үмүтүн узартып, келечекке биримдигибизди чыңдоого ишенимдүү өбөлгө болуп келүүдө.
Ардактуу милиция айымдары сиздерди сулуулуктун, аруулуктун, назиктиктин башаты болгон 8-март майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктаймын. Ар дайым жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпесин, жаркын маанай, жакшылыктарды каалайм! Баарыңыздарга чың ден-соолук, узак өмүр тилейм! Жаз майрамыңыздар кут болсун”, — деп баса белгиледи ички иштер министри Улан Ниязбеков.


Салтанаттуу иш-чарада Улан Ниязбеков кызматтык ишмердүүлүгүндө жогорку натыйжаларга жетишкен кызматкерлерине ведомстволук сыйлыктарды тапшырды. Республика аймагында ички иштер органдарында кызмат кылган 400 ашык милиция айымдарына жана ардакту эс алуудагы 70 милиция айымдарына ведомстволук сыйлыктар тапшырылды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button