Коом

Лаззат Нургожоеванын жигитинин агасы да кармалганы айтылды

Kaktus.media порталы укук коргоо органдарындагы жеке булактарына шилтеме берип баңгизат ишине байланыштуу Лаззат Нургожоеванын жигити Афтандил Сабырбековдун агасы Тариэл Сабырбеков да кармалганын жазды.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы судья 8-июлда Тариэл Сабырбековдун бөгөт чарасын карап, 3-августка чейин тергөө абагына камакка алганын “Азаттык” жазып чыкты. Аны камакка алуу өтүнүчүн сотко Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматынын тергөөчүсү берген.

Райондук сот 6-июлда Афтандил Сабырбековду да 3-августка чейин камакка алган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен айып коюлуп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button