Коом
Министрлик 8-марттан баштап жарыкты өчүрүүнү токтотконун айтты

Энергетика министрлиги 8-марттан баштап жөнгө салуу иш-чараларын токтотту.
Анткени аба ырайынын жылышы менен электр энергиянын керектөөсү кыйла төмөндөдү.
Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Борбордук диспетчердик кызматынын ыкчам маалыматына ылайык, 8-мартта өлкөнүн энергетика системасында электр энергиясынын керектөөсү 61 миллион 117 миң кВт/саатты түзгөн, өткөн күндөрү электр энергиянын орточо суткалык керектөөсү 70 миллион кВт/саатка чейин жеткен», — дешти.



