Коом
“Манас» эл аралык аэропортунда жаны VIP-зал курулууда

«Манас» эл аралык аэропортунда жаны VIP-зал курулууда. Бул тууралуу аэропорттон билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда жүргүнчүлөр үчүн жаңы 2500 миң чарчы метрди түзгөн VIP-залдын курулуш иштери кызуу жүрүүдө.
VIP-зал заманбап бардык шарттары, стерилдик зонасы жана жаңы жабдуулар менен камтылат. Тагыраагы VIP-зал — «Манас 2» имаратынын 2-кабатында орун алат.
«Жакын арада VIP-залдын курулуш иштери жыйынтыкталса ишке берилмекчи. Ал эми азыркы иштеп жаткан VIP-залдын орду жергиликтүү каттамдар аткарылып жаткан имаратка кошулуп, бардык шарттары менен жасалып өз ишин баштайт», — деп айтылат маалыматта.



