Саясат

Акылбек Жапаров жана анын орун басарлары Исхак Раззаковдун эстелигине гүл койду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана анын орун басарлары мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун Бишкектеги эстелигине гүл койду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жапаров Исхак Раззаков Кыргызстандын социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык өнүгүүсүнө зор салым кошкон белгилүү инсандардын катарына кирерин белгиледи.

«Исхак Раззаков өз өлкөсүнө жана элине ак ниет жана берилүү менен кызмат өтөөнүн жаркын үлгүсү боло алат. Анын ысымы өлкөнүн тарых барактарында сакталат», — деген Акылбек Жапаров.

Эске салсак, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын алкагында мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы белгиленүүдө. Ал 1950-1961-жылдары Кыргыз ССРинин Коммунистик партиясынын биринчи катчысы кызматын аркалаган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button