Коом

УКМК: Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү болуп саналган Азербайжандын 5 жараны кармалды – ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, чет өлкөлүк жарандардын жана мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн адамдардын ичинен уюшкан кылмыштуу топтордун укукка каршы ишмердигин аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам иш-чараларды уюштуруунун жүрүшүндө трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү болуп саналган Азербайжандын 5 жараны: В.М. Алиев, С. А. Багхиров, М. О. Асгаров, М. С. Бехбудров жана З.И. Маммадов кармалды.

Алынган ыкчам маалыматтар боюнча М.О. Асгаров криминалдык чөйрөдө «селсаяк» (бродяга)статусуна ээ, ал криминалдык чөйрөнү бекемдөө жана уурулук идеологиясын жайылтуу, ошондой эле өзүнүн статусун жогорулатуу максатында бүткүл постсоветтик мейкиндикте (КР, РК, РУ жана РФ) таасир эткен уюшкан кылмыштуу топторго каршы активдүү күрөшүү боюнча мамлекеттин жүргүзүп жаткан саясатына байланыштуу өлкөнүн жетекчилигине кол салууну уюштуруу үчүн өзүнүн аталган шериктери менен КР аймагына келген.

Тактап айтканда, алардын кылмыштуу пландары КР УКМК тарабынан кылмыштуу идеологиядан массалык түрдө баш тартуу жана камактагылардын жана эркиндикте жүргөндөрдүн арасында мындан ары мамлекеттик саясатты колдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын фонунда пайда болуп, чет элдик криминалдык лидерлердин арасында нааразычылык жаралып, бул жагдай  келечекте аларга терс таасирин тийгизиши мүмкүндүгүнөн кооптонушкан.

Буга байланыштуу КР УКМК 2024-жылдын 22-мартында  ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүп, жыйынтыгында жогоруда аталган адамдардын бардыгы кармалган.

Учурда аларды КР мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу үчүн тергөө иштери жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button