Коом

«Ош базарындагы» мыйзамсыз соода кылгандар алынды

Ленин райондук акимиаты «Ош базарынын» аймагында жана ага чектеш көчөлөрдө мыйзамсыз сооданы жоюу иштерин улантууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.«Ош базары» соода борборунун айланасы — Киев, Бейшеналиева, Кулиев, Токтогул көчөлөрү тазаланды.Рейддин жүрүшүндө жол кайгуул кызматы тарабынан мыйзамсыз соода кылган 1 унаа, 18ден ашык жеңилдетилген типтеги объектилер – кол арабалар, мамылар, кол чатырлар, столдор алынды.

Ошондой эле, стихиялуу соода менен алектенген жарандарга карата Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» Кодексинин 179-берененин 1-бөлүгүнө жана 434-беренесине ылайык протоколдор түзүлдү. Бул багыттагы иштер күн сайын жүргүзүлөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button