Окуялар

Ак-Таш жайлоосунда жаратылышка зыян келтиргендерге айып салынды

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Аламүдүн райондук милициясынын кызматкерлери менен биргеликте Чүй облусунун Ак-Таш жайлоосунда жайыт жерлерди унаа, эндуро менен тебелеп, жаратылышка зыян келтирген жарандарды аныктады. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган фактылар боюнча Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин негизинде 7 протокол түзүлүп, мыйзам бузгандарга жалпы 38 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Рейддин жүрүшүндө мототранспорт каражаттарын айдап жүргөн айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жаратылыш аймактарында жүрүүдө белгиленген эрежелерди так сактоо боюнча эскертүүлөр берилди.

Белгилей кетсек, рейддик иш-чаралар айрым аймактарда мототранспорт каражаттарын эксплуатациялоону чектөө, ошондой эле жайыттарды жана жашыл аймактарды коргоо максатында уюштурулууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button