Окуялар

УКМК өлкө аймагында экстремисттик жана террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынганын эскертет

УКМК тарабынан 2026-жылдын 17-июнунда козголгон кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасында тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир Аль-Ислами» диний-экстремисттик уюмунун ишмерлерин нейтралдаштыруу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлдү.

Тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө кылмыш ишинин фигурантынын жашаган жеринен экстремисттик мүнөздөгү ар кандай диний адабияттар, ошондой эле уюлдук телефондор табылып, алар далил катары протоколдук тартипте алынды.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында аталган диний-экстремисттик уюмдун активдүү мүчөлөрүнүн бири Д.М.Ш. кармалды. УКМК Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышкандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралганын жарандарга эскертет.

Тектеш кабарлар

Back to top button