
Түркиядагы шаар башчыларын шайлоодо этникалык кыргыздардын ат жана улуттук кийим менен келип добуш бергенине эл аралык медиа көңүл бөлдү.
Белгилей кетсек, Ван кыргыздары 1980—жылдан бери аталган аймакта жашап келет.
- Түркияда өткөн жекшембиде 81 аймак башчысын шайлоо өттү. Стамбул шаарында Элдик-республикалык партиянын талапкери Экрем Имамоглу, бийликчил АК партиянын талапкери Мурат Курумдан көп добуш топтоду. Башка аймактар дагы оппозициячыл партия озуп чыкканы кабарланууда.



