Коом
Бишкек мэриясы Токмок багытына автобус каттамын ачты

20-сентябрынан тарта Бишкек-Токмок-Бишкек каттамында Бишкек шаарынын муниципалдык автобустары убактылуу жүрө баштады.
Бул убактылуу каттам Токмоктон Бишкекке каттаган жүргүнчүлөрдүн санынын көбөйүшүнө, ошондой эле айрым жеке менчик коомдук транспорттордун убактылуу жоктугуна байланыштуу уюштурулду.



