Маданият

Бийчилер катышкыла! Бишкекте «SEOUL WEEK 2025» алкагында өтө турган K-POP бий сынагы өтөт

Бишкек шаарынын мэриясы Сеул мэриясы менен биргеликте «SEOUL WEEK 2025» алкагында өтө турган бий сынагына катышууга бийчилерди чакырат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, катышуучуларды каттоо 2-июндан 17-июлга чейин жүргүзүлөт. 19-июлда финалисттер жарыяланат.

Сынактын шарттары:

— K-pop стилинде бий видеосун тартуу керек (15-10 секунд);

— Instagramга жүктөө;

— @angelin.comm_ аккаунтун автор катары белгилөө;

— хештегдерди #seoulweek2025 #seoulmysoul #kpopdance #hallyu #lifestyle #kculture #서울의날 белгилеңиз.

Белгилей кетсек, сынактын финалы 28-июлда А.Малдыбаев атындагы Кыргыз опера жана балет театрында өтөт. Анда тандалган он катышуучу финалга чыгат.

Финалдын жеңүүчүлөрүнө төмөнкү сыйлыктар берилет:

1-орун — 300$;
2-орун — 200$;
3-орун — 100$.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button