Коом
Биринчи айымдын «Эне — балага тирек» коомдук фонду муктаждарга кийим-кече таратты

Социалдык камсыздоо министрлиги Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда 1100дөн ашык жетим жана муктаж үй-бүлөлөрдүн балдары жардам алганын билдирди.
Айгүл Жапарова жетектеген фонд буга чейин да улгайган, майыптыгы бар адамдар, чоңдор жана психоневрологиялык оорулары бар балдар жашаган социалдык стационардык мекемелерге 2,3 миң бут кийим алып бергени белгиленди.



