Коом

Бишкектин четиндеги кирпич заводдору абаны булгаганы аныкталды

Бишкектин четинде Аламүдүн районунун Баш-Кара-Суу айылындагы кыш заводдору абаны булгап иштеп жаткан. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Көзөмөл органынын маалыматы боюнча, «ИГ» жана «Б» компанияларынын кыш заводдору тиешелүү талаптарды бузуп, мамлекеттик экологиялык корутундусуз иштеп жатканы аныкталган. Анын айынан заводдон чыккан түтүн абаны булгалаган.

Экологиялык-техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери көзөмөл жүргүзбөгөндүктөн, мыйзам бузууларга жол берилген.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренеси (атмосфераны булгоо) жана 348-беренеси (шалаакылык) боюнча эки кылмыш иши козголуп, материалдар тиешелүү тергөө органдарына өткөрүлүп берди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button