Коом

Акыркы эки айда Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулоонун 11 учуру аныкталды

Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө Чолпон-Ата шаарынын көл жээгинен мыйзамсыз балык кармоо учурунда жергиликтүү үч тургун кармалган.

Кармалган 48 жаштагы А.Ж., 32 жаштагы М. Т. жана 41 жаштагы У. Мдан далил зат катары мыйзамсыз кармалган 50 даана «Чебак» балыгы алынган.
Аныкталган 3 фактынын бардыгы Ысык-Көл райондук Ички иштер бөлүмүнүн маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, материалдар укуктук баа берүү үчүн райондук милициянын тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.


Жалпысынан май жана июнь айларында Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери облустун аймагында браконьерлик фактыларын аныктоо боюнча ийгиликтүү иш-чараларды турмушка ашырып келишти. Иш-чаранын жүрүшүндө Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулоонун 11 фактысы аныкталган.


Натыйжада браконьерлерден мыйзамсыз кармалган 389 даана ар кандай балык түрлөрү, 5 балык кармоочу тор жана 3 үйлөмө кайык алынган. Бардык алынган далилдер, териштирүү иштерин жүргүзүү жана зарыл чараларды көрүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилди.
Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгы браконьерликке каршы күрөштө активдүү иш-чараларын тынымсыз улантып келүүдө жана бардык жарандарды балык уулоонун белгиленген эрежелерин сактоого чакырат. Ысык-Көлдүн жаратылыш ресурстарын жана экосистемасын коргоо облустук милиция үчүн приоритеттүү багыттарынын бири болуп саналат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button