ДүйнөКоом

Кыргызстандын Москвадагы элчисинин кеңешчисинин үй-бүлөсү боюнча чатакка Россия ТИМинен комментарий беришти

ИИМдин өкүлү Ирина Волк 8-апрелде полиция көп кабаттуу үйлөрдүн короолорунда профилактикалык иштерди жүргүзгөнүн билдирген. Андагы батирлердин биринде жашаган аял документтерин көрсөтпөстөн, элчиликтин кызматкеринин жубайы экенин айткан. Анын айтымында, полиция батирге кирген эмес, жашоочуларды коркутуп-үркүткөн эмес. 

“Полиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери тууралуу арыз түшкөндүгүнө байланыштуу учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн кызматтык иликтөө иштери жүргүзүлүүдө”, — деген ал.

Бул жагдай боюнча Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова төмөнкүлөрдү билдирген. 

“Биздин өлкө Вена конвенциясын урматтаарын жана анын дипломатиялык статуска кол тийбестигин дагы бир ирет ырастайбыз. ИИМдеги кесиптешибиз билдиргендей иликтөө иштеринин жүрүп жатканы айтылгандарды толуктап турат”,  — деп жазган ал.

Буга чейин Telegram каналдар  8-апрелде РФ ИИМинин эки кызматкери Кыргызстандын Москвадагы элчисинин кеңешчиси Манас Жолдошбеков турган жерге Россияда мыйзамдуу жашап жатканын текшерүү үчүн келгенин билдиришкен. Алар күч түзүмүнүн өкүлдөрү дипломаттын батирине эшиктин кулпусун талкалап кирип, анын жубайына залал келтиргенин жазышкан.

12-апрелде Кыргызстандын ТИМи Росиянын элчилигинин өкүлү менен сүйлөшкөн. Анда Вена конвенциясынын жобосун бузган Россиянын ички иштер органынын кызматкерлеринин бул жасагандары жол берилгис экени айтылган. Бул окуяны тыкыр иликтелип, жакын арада  күнөөлүүлөр жоопко тартылыш керектиги белгиленген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button