УКМК: Пара талап кылып, кылмыштуу топ түзүү фактысы боюнча дагы бир милиция кызматкери кармалды

Бишкекте пара талап кылуу фактысы боюнча дагы бир милиционер кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борбору билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 2023-жылдын 18-октябрында Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан пара талап кылуу жана кылмыштуу чөйрөнү түзүү же ага катышуу фактылары боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Бишкек ШИИБ Биринчи Май райондук ички иштер башкы башкармалыгынын 5-шаардык милиция бөлүмүнүн ыкчам кызматкери, милициянын лейтенанты И.Т.К. кармалды.
Бул кармалган кызматкер КР ИИМ Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлеринен турган кылмыштуу топ менен түздөн-түз байланышта болгону, алар кылмыш ишин козгоо шылтоосу менен баңгизатын жеке колдонуу үчүн сатып алууну көздөгөн адамдардан акча талап кылуу менен алектенгендиги аныкталды. Кармалган кызматкер КР ЮМ караштуу ЖАКнын 1-тергөө абагына киргизилди.
Учурда КР УКМК тарабынан жогоруда аталган кылмыш иштерине тиешеси бар КР ИИМдин башка кызматкерлерине карата аларды кармоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча кошумча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
КР УКМК ушул сыяктуу кылмыштарга дуушар болгон жарандарды (0312) 66-04-75 жана 0708 72 28 01 телефондору аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт. Атын атабоого кепилдик берилет.



