Коом
“Кыргызэлектроника» ишканасы коммутаторлорду жана серверлерди чыгара баштайт

Мамлекеттик компания Кытайдын H3C Technologies Co компаниясы менен кызматташуу келишимине кол койду.
«Кыргызиндустриянын» президенти Жарасул Абдураимовдун айтымында, IT-жабдууларды чыгаруу боюнча долбоордун башталышы Кыргызстанда жогорку технологиялык өндүрүштүн жанданышына түрткү берет.
Кытайлык компания “Кыргызэлектроника» ишканасына техникалык колдоо көрсөтүп, ошондой эле ата мекендик инженерлерди окутат.



