Коом

Ош, Кызыл-Кыя, Өзгөн жана Жалал-Абадда «Эскерүү оту» акциясы өттү

Ош, Кызыл-Кыя, Өзгөн жана Жалал-Абадда Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларына арналган  Эскерүү оту акциясы өттү.  

Москвадан Кремлдин дубалындагы Белгисиз жоокердин мүрзөсүндөгү Өчпөс оттун бир бөлүгү алып келинип өлкөдөгү ар бир шаарга жагылууда. 

Жогорудагы салтанаттуу иш-чараларга жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, акимчиликтердин, шаар мэрияларынын башчылары, РФтин Оштогу Башкы консулдугунун, Россотрудничествонун, “Русский домдун” Оштогу өкүлчүлүктөрү катышты. Андан сырткары  Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскерлери, Ардагерлер кеңешинен, коомдук, билим берүү уюмдарынан жана мектеп окуучулар болду.

Эскерүү отун түштүк облусуна 4-майда таңга маал Россия президентинин ишенимдүү адамы, актер Михаил Мамаев, «Элдик фронт» кыймылынын Красноярск крайындагы облустук аткаруу комитетинин башчысы Оксана Ларионова, “Краснодар аймактык штабынын” мүчөсү Никита Костоправкин жеткирген.  

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button