Коом
Жалал-Абад ОИИБде кызмат учурунда каза болгон кызматкерлер эскерилди
Бүгүн, 15-май Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында кызмат учурунда каза болгон кызматкерлерди эскерүү күнүнө карата, Жалал-Абад ОИИБде эскерүү иш-чарасы болуп өттү.
Бул иш-чарага кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөсү, жакындары жана ОИИБдин жетекчилик курамы, ИИМдин Ички аскерлеринин жана атайын багыттагы полктун кызматкерлери катышты.
Эскерүү эстеликке гүл чамбарларды коюу менен башталып, Жалал-Абад облусунун казысы Жеенбеков Нематулла ажынын курман болгондорго атап куран окуусу менен улантылды.
Жалал-Абад ОИИБдин башчысы милициянын полковниги Марлис Асанов өз сөзүндө курман болгондорду эскерүү менен алардын жасаган эрдиктерине токтолуп, «Өз милдеттерин акырына чейин ишенимдүү аткарып, өлкөбүздүн тынчтыгы жана бейкуттугу үчүн жанын беришти, алардын эрдиги тарыхта жазылып, кийинки жаш муундарга үлгү болуп, жүрөгүбүздө сакталат» - деп баса белгилеп өттү.
Андан соӊ, Жалал-Абад ОИИБдин ардагерлер кеӊешинин төрагасы Капар Исаков сөз сүйлөп, арабызда мындан кийин жоготуу болбосун деп, каза болгон айрым кызматкерлер менен чогу иштеген учурларын эскерди.
Ал эми, каза болгон кызматкерлердин жубайлары мекенибизде тынчтык өкүм сүрүп, бир да эненин кайгыга бөлөнгөн көз жашы төгүлбөсүн деп тилек айтышып, аларга көӊүл буруп, сый көрсөткөндүктөрү үчүн иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылыктарын билдиришти.
Ушундай эле эскерүү иш-чаралары облустагы шаар-райондук ички иштер бөлүмдөрүндө да өткөрүлүп жатат.