Окуялар

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн 17 миң сомдук велосипед уурдаган шектүү кармалды

Бул тууралуу  Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 2024-жылдын 9-апрель күнү, Бишкек шаарынын Свердлов РИИБге Б.Н.
аттуу жаран белгисиз адамга чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда ошол эле күнү Жумабекова көчөсүндө жайгашкан коп кабаттуу уйлордун кире беришинин биринде, жашыруун түрдө 17 миң сомду түзгөн велосипед уурдап кетишкен.

Аталган факт боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын
Кылмыш-жаза Кодексинин 205-беренесине (Урдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1992-жылы туулган А.Г., аттуу жаран аныкталып, Свердлов РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасын КЖПКнын 96-беренесине ылайык БШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү мурда кылмыш жолу менен уурдалган велосипедин өз ыктыяры менен тапшырып берген. Мындан тышкары, анын башка ушул сыяктуу кылмыштар бар экендиги аныкталган.

Учурда тергоо амалдары уланууда.




Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button