Коом

“Каралардын” доору бүтүп баратат. Кыргызстанда бир эле авторитет бар, ал — Мыйзам!

УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев кызматка келе элек кезинде, шайлоо учурунда «элдики элге, ууруларды кустурабыз!»-деп айтып жүргөн. Шайлоо учурунда айтылган сөзүнө тургандар саналуу. Көпчүлүгү жалындуу сөздөрдү үгүт учурунда айтып, кийин унутуп калат.

Камчыбек Ташиев сөзүнө туруп, ууруларды кустуруп, элдикин элге кайтарып жатат. Кыргызстанда тамырлап кеткен кылмыш дүйнөсүнүн түшүнүгүн кыркып, караларга каршы күрөштү улантууда. Мурдагыдай ар кимди тоноп, «каралар мыйзамы» деп кадыр куткөндөр азыр көлөкөсүнөн коркуп, бүжүрөп калышты. Менмин деген лидерлери камалып, мамлекетке сансыз байлыктарын өткөрүштү.

Бүгүн, «Дөө Чынгыз» деген кылмыштуу топтун лидери камалды.

Камчыбек Ташиевдин аракети Кыргызстанда мыйзам гана «авторитет» болуш керек деген натыйжа. Ууруларды кустуруп, кылмыш дүйнөсүн чилдей таратууга Ташиевде эрк дагы, ар намыс дагы жетээрине эл ынанып калды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button