Жалал-Абадда каракчылык менен алектенип жүргөн коңшу өлкөнүн жарандары кармалды

2024-жылдын 24-июль күнү саат 20:30 чамасында Сузак РИИБне Өзгөн районунун Чангет айылынын 1994-жылы туулган тургуну И. уулу Э. телефон аркылуу кайрылган, ал өзүнүн билдирүүсүндө Ош областынын Өзгөн шаарынын Төлөс айылынын 1998-жылы туулган тургуну М. уулу Ж. аттуу жаранды Сузак районунун Барпы а/ө караштуу Кыр-Жол айылында өзүнө бейтааныш болгон азият улутундагы эки бала ур-токмокко алып, учтуу нерсе менен алты жерине сайып жаракат келтирип, анын “Шевролет-Авео” үлгүсүндөгү кара түстөгү автоунасын алып кетишкендигин, ал аталган жаран М. уулу Ж. жолдон өтүп бара жаткан автоунааны токтотуп, Сузак райондук ооруканасына салып жибергендигин билдирген.
Аталган маалымат боюнча Сузак РИИБдин ыкчам Тергөө тобу Сузак райондук ооруканасына барган учурда, 1998-жылы туулган М. уулу Ж. аттуу жаран денесинен 6 жеринен кесилип сайылган жаракаттары менен келип түшкөндүгү аныкталган.
Аталган окуя боюнча жабырлануучу, 2024-жылдын 23-июль күнү болжол менен саат 14:00 чамасында өзүнө бейтаныш болгон өзбек улутундагы жашы болжол менен 24-25 жана 35-40 жаштардагы балдар такси катарында жалдашып, анын “Шевролет-Авео” универсал үлгүсүндөгү автоунаасына жүргүнчү катары чыгышып “Ош областынын Куршаб айылына ат сатып, алып келебиз” деп айдатып барышып, ал жерден эч кимге жолукпай “ат саткан адам телефонун албай койду” деген шылтоо менен кайра кайтып келишип, эртен башка жерге барып келебиз деп, анын байланыш телефондорун алып, өздөрү Ош областынын Өзгөн шаарында жайгашкан чайханалардын биринин жанында түшүп калышкан. Эртеси 2024-жылдын 24-июль күнү саат 17:00 чамасында ошол эле эки адам анын уюлдук телефонундагы “вотсап” номерине байланышып ага Ош областынын Өзгөн шаарынан жолугушуп аны дагы такси катары жалдашып, Сузак районунун Барпы а/а караштуу Кыр-Жол айылындагы адыр жерге айдатып барышып, ал жерден денесине учтуу нерсе менен бир нече жолу сайып денесине жаракат келтиришип жаткан учурда, ал аларга каршылык көрсөтүп автоунаадан качып түшкөн учурда, алар анын “Шевролет-Авео” универсал үлгүсүндөгү автоунасын айдашып, окуя болгон жерден качып кетишкендигин билдирген.
Аталган факты боюнча топтолгон материалдар 2024-жылдын 24-июль күнү Сузак РИИБдин маалыматтардын электрондук каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Окуя боюнча жабырлануучу М. уулу Ж. денесиндеги жарааттардын оордук даражасын аныктоо максатында соттук-медициналык экспертизасы дайындалган
Кылмыштын бетин ачуу максатында Жалал-Абад областынын блок посттор коюулуп кылмышка шектүү болгон атуулдардын өздүгүн аныктап кармоого багытталган иш чаралар жүргүзүлүүдө.
Бул факты 2024-жылдын 25-июль куну Сузак РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан, кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Козголгон кылмыш ишинин алкагыныда Жалал-Абад ОИИБдин жана Сузак РИИБдин, Кызыл-Кыя ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмыш ишине шектүү катары коңшу мамлекеттин 1985-жылы туулган А.У. жана 1992-жылы туулган С.З. аттуу жарандары Кызыл-Кыя шаарынан коңшу өлкөгө мыйзамсыз чек араны бузуп качып кирүүгө аракет жасап жаткан жеринен кармалышкан.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө коңшу мамлекеттин 1992-жылы туулган С.З. аттуу тугуну мурда соттолуп, учурда издөөдө жүргөндүгү, ал эми Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз чек араны бузуп киргендиги аныкталган.
2024-жылдын 25-июль күнү Сузак райондук соту тарабынан эки айга камакка алынган.


