Коом
Кыргызстанда өткөн түндө дагы бир катуу жер титирөө катталды

Анын очогу Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасына жакын жерде болгон.
Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөөнүн күчү очогунда 7,5 баллды (өтө күчтүү жер титирөө деп эсептелет), магнитудасы 6,7ни түзгөн.
Жер титирөөнүн очогу Раззаков шаарынан түштүктү көздөй 65 чакырым (5 балл), Сүлүктү шаарынан 75 чакырым (5 балл), Баткен шаарынан 140 чакырым (4 балл) аралыкта жайгашкан. Жер титирөөнү Бишкектин тургундары да сезишти.



