Коом

Бишкектеги борбордук стадиондун тегерегиндеги курулмалар буздурулууда

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондун айланасындагы курулмалар буздурулууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Курулмалар Мамкурулуштун директору Нурдан Орунтаевдин тапшырмасынын негизинде аталган стадионду реконструкциялоо иштерин жүргүзүү үчүн алынууда.

Бүгүн Бишкек шаарынын архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын инспекторлору жана башкармалыктын башчысы Тилек Кадыкеев менен чогуу стадиондун күн батыш тарабында жайгашкан кошумча имараттарды бузуу үчүн көрсөтмө берилди.

Андан кийин ижарачылар тарабынан 5 кошумча имарат бузулду.

Мамкурулуш бардык куруучуларга Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде иш алып барууну эскертет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button