Алга Кылычев Кой-Таш окуясы боюнча 10 жылга эркинен ажыратылды

21-июнда Чүйдүн Аламүдүн райондук соту КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү, Кой-Таш окуясы боюнча кылмышка шек саналып жаткан Алга Кылычевди 10 жылга абакка кесип, сот залынан камакка алды.
Алга Кылычев «Азаттыкка» комментарий берип, беш жыл мурун болгон окуя боюнча кесилип жатканын саясий куугунтук деп эсептей турганын айтты.
«Мени Кой-Таш окуясы боюнча күнөөлүү деп таап, Шанкаев деген судья он жылга эркиндигимен ажыратты. Сотто көрсөтмө берген «Альфа» атайын кызматынын кызматкерлери да, милиция кызматкерлери да мени көрбөгөнүн, тааныбасын айтышкан болчу. Бирок судья мунун бирин да эске албай, мени 10 жылга кести. Мен билип турам, бул саясий чечим. Бийлик Бакиевди актап, Кыргызстанга алып келгиси келип жатат. Апрелчилерди сатып алуу аракети болуп жатат деп, мен катуу каршы туруп жатканым буларга жаккан жок. Ошондуктан, саламаттыгыма, жашы жете элек алты балам бар экенине карабай, мени камап атышат», — деди Кылычев.