Коом
Кыргызстанда курулуш иштерине лицензия берүү кескин кымбаттады

Министрлер кабинети токтом кабыл алды.
Коюм буга чейин 1000 сом болсо, эми ал объектилердин категорияларына жана иштеп чыгуучунун жоопкерчилигине жараша бир топ жогору болот.
Мындан кийинки баалар:
Юридикалык жак менен келишим түзбөй иштегендерге — 50 миң сом.
Курулуш иштерин аткаруу жоопкерчилигинин III деңгээли боюнча юридикалык жактарга — 150 миң сом.
Курулуш иштерин аткаруу жоопкерчилигинин II деңгээли боюнча юридикалык жактарга — 700 миң сом.
Курулуш иштерин аткаруу жоопкерчилигинин I деңгээли боюнча юридикалык жактарга — 1,5 млн сом.
Эгер дубликат керек болсо (бузулуп же жоголсо) 5000 сом төлөш керек.
Документте мөөнөт көрсөтүлбөйт. Бирок курулуш нормалары жана эрежелери бузулса, аны жокко чыгарууга болот.
@abal-kg



