Коом
Жол оңдоо. Бүгүн Абдрахманов көчөсүнүн бир бөлүгү ачылды

Бишкек шаарында жолду капиталдык оңдоо жумуштары уланууда.
Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн 18-июлда Абдрахманов көчөсүнүн Бөкөнбаев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү жана кесилиш ачылат.
Ал эми Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилиши унаа кыймылы үчүн жабылат.
Ошондой эле Чүй проспектисинин Манас проспектисинен Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки аралыгы жабылат.
Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургандарынан өзгөртүүлөрдү эске алуу менен сапарларын алдын ала пландаштырууну суранат.



