Бишкекте тез жардам дарыгерлеринин тартыштыгы дээрлик үч эсе кыскарды

Бишкекте тез жардам дарыгерлеринин тартыштыгы дээрлик үч эсе кыскарды. Бул айлык маяна жогорулатылгандан кийин катталганын шаардык Шашылыш медициналык жардам борборунун башкы дарыгери Искендер Шаяхметов билдирди.
Анын айтымында, 2025-жылы президенттин жарлыгы менен Бишкек жана Ош шаарларындагы тез жардам дарыгерлеринин, ошондой эле хирургдардын, педиатрлардын жана алыскы аймактарда иштеген адистердин айлыгы көтөрүлгөн.
«Буга чейин 210 дарыгердик штаттын 98и бош болсо, айлык 20 миң сомго көбөйтүлгөндөн кийин бул көрсөткүч 32ге чейин кыскарды. Дарыгерлердин тартыштыгы кыйла азайды», — деди Шаяхметов.
Эске салсак, өткөн жылдын 25-декабрында өлкө президенти Элдик курултайда 1-апрелден тарта мугалимдердин жана медицина кызматкерлеринин айлыгы жогорулатарын билдирген.



