Окуялар
Кант шаарында опузалап акча талап кылган жеке жактоочу кармалды

УКМК тарабынан 2026-жылдын 19-майында коррупциялык схемаларды жоюу иштеринин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап талап кылуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Чүй облусунун Кант шаарында Кыргыз Республикасынын жараны, жеке жактоочу С.Р.Т. кармалды, -деп билдирет атйын кызмат.
Тактап айтканда, С.Р.Т. жеке жактоочу болуп туруп, коркутуу жана шантаж жолу менен А.М.М.дан ага карата берилген доо арыздарды кайтарып алуу үчүн акча каражаттарын опузалап талап кылган.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында кармалган С.Р.Т. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.



