Олимпиада-2024: Денис Петрашов 14-орунду ээледи
Париждеги Олимп оюндарында кыргызстандык суучул Денис Петрашов эркектер арасында 200 метрге брасс стилинде сүзүүдө 14-орунду ээледи. Ал жарым финалга чыккан 16 спортчунун ичинен марага 1 мүнөт 10,29 секундада келди жана финалдык баскычка чыга албай калды. Финалга 8 спортчу чыкты.
Эркектер арасында 200 метрге брасс стилинде сүзүү боюнча финалдык жарыш 1-августта, Бишкек убактысы менен 2:30да өтөт.
30-июлда Петрашов 25 спортчунун арасынан 16-орунду алып, жарым финалга чыккан болчу.
Жайкы Олимпиада оюндарындагы эң популярдуу спорттун бул түрү боюнча Парижге 187 өлкөдөн жалпы 854 суучул барды. World Aquatics уюмунун билдиришинче, 463ү эркек, 391и аял. Жалпысынан 35 категорияда мелдештер өтүп, 35 комплект медал ойнотулат.
Петрашов Олимпиада оюндарына үчүнчү жолу катышты. Ал Токио Олимпиадасында 200 метрге жана 100 метрге брасс стилинде жарыштарга катышкан. Париж Олимпиадасына 100 метрге жана 200 метрге брасс стилинде сүзүүгө жолдомо уткан.