29-июлда Олимпиадада аялдар арасында фехтование боюнча турнир өттү. Египеттик спортчу Нада Хафез 7 айлык кош бойлуулугу менен мелдешке чыкты.
Бул тууралуу 26 жаштагы спортчу өз оюнун жыйынтыктап алган соң, социалдык тармактарга жазды.
Спортчу 1/8 финалга чыгып, Түштүк Кореянын өкүлүнөн 7:15 эсебинде утулуп калды. Мелдеш аяктагандан кийин Нада Хафез беттештерде 2 адам эмес, 3 адам болгонун айтты.
“Чындыгында, беттештерде мен, менин атаандашым жана менин жарыкка келе элек балам болду. Мен үчүн физикалык да, эмоционалдык жактан да көп кыйынчылыктар болду! Мага ишенген үй-бүлөмө жана жолдошума ыраазычылык»,- деп жазды