Коом

Ысык-Көл ОИИБдин башчысы коррупцияны жоюу жана жарандарды сервистик тейлөөнү жакшыртуу боюнча инструктаж өткөрдү

Бүгүн, укук коргоо органдарынын ишинин ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иш-чаралардын алкагында милициянын генерал-майору Мурат Боронов Балыкчы ШИИБдин жана Ысык-Көл РИИБдин өздүк курамына, ошондой эле жайкы туристтик мезгилде жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн кошумча күч катары келген Бишкек ШИИБ боюнча милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлерине инструктаж өткөрдү.

Жолугушууда милициянын генерал-майору Мурат  Боронов коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу маселелери боюнча кызматкерлерге кеңири көрсөтмө берди, ошондой эле алардын ишинде мыйзамдуулукту жана этиканы сактоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал өз сөзүндө, коррупция менен күрөшүү башкы приоритеттердин бири экенин белгилеп, ар бир кызматкерди кызматтык тартипти так сактоого чакырды.

«Коррупция — жарандардын укук коргоо органдарына болгон ишенимин кетирип, укук тартибин төмөндөтөт. Биз кесипкөй гана болбостон, ишибизде да чынчыл болушубуз керек. Мыйзамдуулуктун жана адилеттүүлүктүн сакталышы үчүн ар бирибиз жоопкерчилик тартабыз»,-деп баса белгиледи областтык милициянын башчысы .

Мындан тышкары, милициянын генерал-майору Мурат  Боронов жарандарга сылык мамиле кылуу зарылдыгын эскертти. Ал укук коргоо органдарынын кызматкерлери ар бир жаранга урмат-сый менен мамиле кылууну жана алардын суроо-талаптарына жана кайрылууларына ыкчам жооп кайтарууну камтыган сапаттуу кызмат жана сервистик тейлөо көрсөтүүгө тийиш экендигине басым жасады.

«Биздин жарандар менен мамиле түзүүдөгү жүрүм-турумубуз жана кесипкөйлүгүбүз укук коргоо органдарынын имиджин калыптандырууда негизги ролду ойнойт. Биз үлгү болуп, кызматтын жогорку стандарттарын сакташыбыз керек», — деп жыйынтыктады Мурат Боронов.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button