Спорт
Айпери Медет кызы Олимпиаданын чейрек финалына чыкты

Париждеги Олимпиада оюндарында балбан Айпери медет кызы чейрек финалга чыкты.
Кыргызстандык балбан 76 кг чейинки салмакта 1/8 финалда кытайлык Вэнь Юань менен кез келди.
Таймаш 4:1 эсебинде аяктап, Айпери Медет кызынын пайдасына чечилди.
Эми кыргызстандык балбан чейрек финалда Ритика (Индия) — Бернадет Наги (Венгрия) беттешинде уткан спортчу менен күрөшөт.



